www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин бүгүн, 25 – февралдагы жыйынында  “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралды. Бул темада баяндама жасаган тармактык комитеттин төрайымы Г. Молдобекованын айтымында, медициналык калдыктарды, курамында сымап элементи бар буюмдарды коопсуз тартипте жүгүртүү иштери укуктук талаада иреттештирилмекчи.

Талкууда депутат Т.Икрамов колдонуудан чыккан медициналык буюмдардын жок кылынышы (утилизацияланышы) багытындагы иш аракеттердин аныгына кызыкты.  

Коомдук саламаттыкты сактоо багытын тескеген Саламаттык сактоо министрлигиндеги өкүл башка болсо дагы, дайыма эле бир гана министрлин орун басары бардык суроолордун жообун кайтарып турганы кандай? – деген суроону койгон депутат Е.Строкова, - “Ар бир адис өз милдетине жооп берсе”, - деп сунуш берди.

Ошондой эле комитет  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жолдонду.

Аталган өзгөртүүлөрдө  мисалы, 50 же андан көп жумушчусу бар уюмдар менен жеке ишкерлердин ар бир жалданма жумушчуга карата эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүнө каражат которуу тартиби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости