www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышына эки турмуштан жолу болбой үчүнчүсүн баштаган келиндин каты жарыяланмакчы.

Башыман өткөн окуяларды башынан баяндап берейин.

Окуучу кезде турмушка кеч чыгам, жакшы жумушка иштеп анан күйөөгө тием деп кыялданчумун. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, жогорку окуу жайга өз күчүм менен өттүм. Жигит менен деле көп сүйлөшчү эмесмин. Ал учурда ала качып үйлөнгөндөр көп эле болчу. 2-курста бейтааныш бала ала качып кетти. Көрсө тууган-тааныштардан мен тууралуу угуп-билип алышыптыр. Ал бала менен кездешкен да эмесмин. Ата-энемди алыстан билген кишилер экен, аларды бал тилге салып макул кылып коюшту. Бардар жерге бардым. Бирок такыр көнө албай койдум. Күйөөмө да бой салбай койдум окшойт. Ал дагы бой көтөргөн, менден бир топ жаш улуу жигит болчу. Бир жылга жетпей, курсактагы балага карабай ажырашып кеттик. Ата-энем жаш болгондуктан төрөөрүм менен баланы өздөрүнө каттатып багып алышты. Мен болсо окуумду улантып кеттим. Эки жылдан кийин бир жигит менен сүйлөшүп калдым. Күйөөгө тийип чыкканымды айтсам болбой колумду сурап, артыман ээрчип жүрүп акыры үйлөндүк. Башында "алтыным" деп айланчыктап жаныман чыкчу эмес. Бул сапаты кайненеме жакпай калды көрүнөт, баласын кызганып майда-барат нерседен ызы-чуу чыгара баштады. Ар кимге "күйөөдөн чыккан" деп жамандап, жанымды койбой койду. Турмушка чыккан кезде жаңыдан жумушка орношуп жаткам. Иштеп баштаганда кайненем күйөөмө "аялың кечке жумушта жүрөт, сага көңүл бурбайт, таап алган бирөөсү бар" деп жамандап атып, акыры жолдошум ичип мага кол көтөрө баштады.

Балалуу боло элек болчубуз. Жолдошума бөлүнүп жашоону сунуштадым. Башка деле балдары бар болчу, бирок кайненем эмнегедир "силер менен жашайм" деп туруп алды. Кайненем экөөбүздүн мамилебизден күйөөм да тажады көрүнөт, аны менен да ажыраштым. Айтор, күйөөдөн мага бак айтпады.

Баш-отум менен иштеп жумуштан жакшы ийгиликтерге жете баштадым. Азыр мамлекеттик мекемеде иштейм. Эки күйөөм тең артыман кайра келген жок. Биринчиси мен кеткенде эле үйлөнүп алганын уккам. Экинчисинен кабар жок. Кыргызда "кыздын чырагы кырк" деген жакшы кеп бар. Жакында эле кайра турмуш жолуна аттандым. Муну коомго ачыкка чыгаруудан дагы уялдым. Бирок тагдыр экен да. Ал да ажырашкан, бир баласы бар. Жылдызыбыз келишип баш коштук. Баласы өзүндө экен, азыр чогуу тарбиялап жатабыз. Кайын журтум, кайненем дагы жакшы кабыл алышты. Бирок алар эки күйөөдөн чыкканымды билишпейт. Жолдошум билет, кайын журтума бир турмуштан жолум болбой калганын эле айткам.

Мени түйшөлткөн маселе да ушул болуп жатат. Кайын журтума эки күйөөгө тийгенимди айтсамбы же унчукпай эле койсомбу? Бирок корком, уялам. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, балалуу болуудан дагы кооптонуп жүрөм. Баса, азыр жашым 30дан ашып калды. Жолдошум өзүмөн беш жаш улуу.

Булак: "Спутник кж"

Последние новости