www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төбө чачты тик тургузган окуялар акыркы мезгилде көп катталып жатканы жан кейитет. Ушундай окуялардын бири Ош шаарында катталды. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей 19-февраль күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну аялын 500 сом үчүн сабап өлтүргөн. 

Сабап өлтүрүп гана тим болбой аялынын жансыз денесин 2 күн бою үйүндө кармаган. Шектүүдөн эмне себептен аялына тез жардам чакырган эместигин сурашканда "грипп болуп билдиргенге мүмкүнчүлүк болбой калды" деп жооп берип элди таң калтырган. 

Шектүүнүн айтымында баары ичкиликтин айынан келип чыккан. Мас болуп келген шектүү аялынан апасынан алган 500 сомду кайда коротконун сурап чыр ошондон улам чыккан.

Учурда айыпталуучуну тергөө бүткөнгө чейин 2 ай абакта калтыруу чечими чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости