www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя Аксы районунда болгон экен. Эмесе сөз башынан болсун.
Союздун гүлдөп турган кезинде Акымбек колхоздун мал чарбасы боюнча бригадири болуп иштеп калат.
Жаз мезгилинин аяк чени. Койлор төлдөп болуп жайлоого көчүп жатканда Акымбек атына минип малчыларды текшергени жайлоону көздөй ат бастырып чыгат.
Убакыт түштөн ооп калган кезде, жайлоодон келе жатып катуу туман басып, адашып кетип, жолдон чыгып, аты менен жардан кулап кетет. Бирок аты үстүнкү кырда калат да, өзү ылдый жактагы түзөңчөгө жатып калат. Канча жатканын өзү да билбейт. Эсине келип көзүн ачса жардын түбүндө жаткан болот.
Эмне болуп бул жакта жатканына акылы жетпейт. Турайын десе бели ооруп, такыр кыймылдай албайт. Бир кезде жардын боорунан жыландын куйругу ылдыйлап келе жатканын көрүп, коркконунан көзү токтоп калат. Андайда адам баласынан оюна дароо жаман нерсе келери да анык.
Барган сайын куйрук жакындап келе жатканда Акымбектин шаштысы кете баштайт. Аңгыча жыландын куйругу жакын келген кезде кармап туруп ыргытып жиберейин деп куйруктан кармаган кезде жылан ушунчалык күч менен силкип жиберсе, Акымбек учуп барып жогорку кырга келип түшөт. Ошол кезде бели кырс дей түшөт да, оорубай калат. Туруп бери жакты караса аты оттоп жүргөн болот. Атына минип үйүнө келип түлөө өткөрүп, элден бата алат. Ошол окуядан кийин Акымбектин иши алдыга жылып, ити чөп жеп, “социалисттик эмгектин баатыры” деген наамга көргөзүүнү да ойлошот. Акымбек машина алып, төрөбөй жүргөн аялы эркек төрөп абдан жакшы ийгиликтерди багындырат.
Арадан туура үч жарым жыл өткөн кезде Акымбек дагы ат менен койчуларды кыдырып келе жатса, үч орус жылан чогултуп жүргөн экен. Акымбек алар менен учурашып, анан сураса алар жылан издеп жүргөнүн айтышат. Ошондо Акымбек баягы өзүн ажалдан аман алып калган жылан жаткан жерди көргөзүп коюп, ошол бойдон ишине кетип калат.
Эки сааттан кийин кайра изине кайтып келе жатып, баягы үч оруска жолуктурат. Алар жыланды жаңы эле кармап аны мешокко салганы жаткан болот. Акымбек жакын келип аттан түшпөй туруп:
-Эмне кармадыңарбы?- деп жерде жаткан жыланга жакын келген кезде жылан жерден көтөрүлүп, заарын бетине чачканда нары бурула калган Акымбектин оң бетине жыландын уусу чачырап, бети карайып калат. Көрсө жылан “жүзүң кара, жакшылыкты билбейт экенсиң” деп каргаганы – экен. Ошол окуядан кийин Акымбектин иши артка жылып, жолу буулуп, иштен чыгып, кыскасы жашоосу такыр өзгөрүлүптүр.
Бул эми жыландын жакшылыгын билбегени ушул ишке алып келгенин билсек болот. Айткандай ошол күндөн бери Акымбектин бир бети кара болуп, жыландын уусу кетпей калыптыр.
Андыктан адам баласынын эле эмес, ар бир жан-жаныбардын кылган ишин баалай билгенибиз туура экенин эске салабыз. “Сын айтып койгон оңой, бирок эмгекти баалай билүү кыйын” деп бекер айтылып калган эмес. Бирөөлөрдүн эмгегин баалай билүү дагы адамдык жакшы сапат.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg