www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көңүлүңүз кандай тамакты сүйөт?

Кайсы бир адам таттууну жакшы көрүп, чөнтөгүн томпойто момпосуй салып жүрсө, кээ бирөөлөр тескеринче, ачуу тамак дегенде үзүлүп түшүшөт. Андан сырткары оозундагы ар бир күрүчтү санагансып шашпай жеген кыбырлар, эки чайнап бир жуткан шашмалар да бар. Адамдардын тамакка болгон табити кайсы бир деңгээлде анын мүнөзүнөн кабар берет. Төмөндө тамакка жараша мүнөзүн чечмелегенге аракет кылабыз.

АЧУУНУ СҮЙГӨНДӨР

Окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, натыйжада ачуу тамакты жактыргандар көбүнчө өзүн өтө жогору баалаган жана сүйгөн (нарцисс), манипуляцияга жакын, керекпи садизмдин учкундары байкалган адамдар деген жыйынтыкка келишкен. Бир калыптагы жашоону жактырышпайт, дайыма жаңылыктардан кабардар болуп, дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу маалыматтарга кызыгы күч. Мындай адамдарды бир үйгө камалбай, ар кайсы шаарга, керекпи ар кайсы мамлекетке орун которуп жашоо кызыктырат.

ТАТТУУНУ СҮЙГӨНДӨР

Ашказанын таттуу тамак менен сүйүнткөндөр башкалар менен бат тил табышкан, жан дүйнөсү назик, жардамга алды-артын карабай бара берген боорукер келишет. Бирок өзүн-өзү анализдеп, көзөмөлдөп, кумурсканы пил кылып коруучулук сапатынын айынан көп кыйналышат.

СҮТ АЗЫКТАРЫН СҮЙГӨНДӨР

Куйкум сөз таап куудулданган шайыр, энергиясы жанына батпаган адамдар сүт азыктарын жактырышат. Ошондой эле алар бардык нерсенин жаңысы жакшы деп ойлошот. Жер кыдырып саякатка чыкканды баалаган, табиятка суктанган романтиктер. Ден соолугуна кылдат көңул бөлүшөт, алар үчүн эски, шек жараткан тамак ичүүдөн көрө кезерип ачка отуруу артык.

ЭТ АЗЫКТАРЫН СҮЙГӨНДӨР

Жаратылышынан лидер адамдар. Активдүү, шайыр, ачык-айрым, кээ бир учурда оройлугу менен да көзгө түшүп калышат. Тобокелчиликке баруудан коркушпайт, андыктан мындай адамдар көбүнчө карьерасында ийгиликке бат жетишет. Өзүнө карата айтылган сынды оор кабыл алат же «билгениңди кыл» деп моюн толгоп баса беришет. Кызуу кандуу болгондуктан биринчи жасап, андан кийин ойлончу сапаты да бар.

ТАМАКТЫ ЖАЙ ЖЕГЕНДЕР

Тамакка элден биринчи отуруп, шашпай элдин алгында жеп бүткөндөр өзүн сүйгөн, баасын билген адамдар. Көпчүлүк учурда өзүнүн кызыкчылыгы үчүн катаал, анча- мынчага баш ийбеген адам болуп чыга келишет.

ТАМАКТЫ ШАШЫП ЖЕГЕНДЕР

Алдына келген тамакты чагылгандай тез убакытта жеп бүткөн адамдар өзүнө эмес, өзүн курчап жүргөн адамдарга көбүрөөк убактысын, энергиясын коротушат. Жакындарымдын бактысы - менин бактым деген принципти карманышат.

ТАМАКТАГЫ АЗЫКТАРДЫ ТАҢДАП, ТЕРИП ЖЕГЕНДЕР

Тарелкадагы азыктардын бирин аркы бурчка, бирин берки бурчка туртуп, ар бирин өз-өзүнчө аралаштырбай жеген адамдар жоопкерчиликтүү, уюштуруучулук жөндөмгө ээ келишет. Алар үчүн эң негизгиси - бардык нерседе тартип болушу керек.

БАРДЫГЫН АРАЛАШТЫРГАНДЫ ЖАКТЫРГАНДАР

Жеген тамагына лаза, ар түрдүү соус, салат, уксус, мурч жана башка кошумчалардын баарын кошуп, өзгөчө даамдарды жактыргандар ачык-айрым келип, эксперимент жасаганды сүйүшөт. Мындай адамдардын дагы бир жакшы сапаты - достукка бекем келишет.

ТАМАКТЫ ЧАЛПЫЛДАТЫП ҮН ЧЫГАРЫП ЖЕГЕНДЕР

Тамакты шорулдап ичип, сагызды чалпылдата чайнагандар жеңил ойлуу, анча-мынчага маани берип, баш ооруткусу келбегендер. Башкалардын ою алар үчүн түккө арзыбайт. Башкысы убагында курсагы тойсо болду.

Булак: Мантыш

Последние новости