www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку спикер Чыныбай Турсунбеков “GOVORI.ТV” интернет каналына маек берип жатып билдирди. Учурда анын бул пикири соцтармактарда талкууга түштү.  

-Кыргызда жылаңач аялдарга байланышкан улуттук каада-салт бар. Ал - “Төө чечмей”. Октябрь революциясына чейин кыргыздын каада-салты катары бул оюн той-аштарда болуп келген. Анда аялдар жылаңачтанып төө чечишчү.

Демек, “Бизде – кыргыздарда такыр андай нерсе жок болгон, аялдардын баары этин-бетин көргөзбөй келген” деген түшүнүк бул - кыргыздын улуттук каада-салтын билбегендик, - деп жооп берген анда Чыныбай Турсунбеков.

28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминисттердин "Багуучулар. Экономикалык эркиндик. Аялдар" аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылган. Анда 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун арт-чеберлер катышып, аялдардын түрсүгү баш болгон ич кийимдерге ар кандай ураандарды жазып, музей ичине илип коюшкан. Мындан сырткары айрым аялдар жыпжылаңач болуп музейдин ичинде басып жүргөн видеосу интернетке тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан.

Мындан улам, 2-декабрда активист жарандар, аксакалдар топтолушуп, министрликтин алдына нааразычылык акциясына чыгышат. Ал эми ошол күнү Мира Жангарачева кызматынан кеткен.

Учурда соцтармактарда бул талкуу токтой элек.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

  

Последние новости