www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корея жарым аралында чыңалуу күчөп баратканда Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы каяша айтышуу да күчөп баратат.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс: «Түндүк Кореяга көрсөтүлгөн стратегиялык сабырдуулук соңуна чыкты»,-деди.

Түндүк Кореядан жооп кечиккен жок. Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ким Ын Рён: «АКШ Корея жарым аралындагы чыңалууну күчөтүп жатат. Термоядролук согуш башталып кетиши мүмкүн. Түндүк Корея, АКШ каалагандай түрдө согушка жооп берүүгө даяр»,-деди.

Ким, айрыкча БУУнун коопсуздук кеңешинде 28-апрелде Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу атайын жыйналыш өткөрүү чечимин да сынга алды.

Ким Ын Рён: «Кеңештин апрель айынын жетекчилигин милдеттенген АКШ, бул жоопкерчилигин кыянаттыкка колдонууда. АКШ гангстер түшүнүгү менен эгемендүү өлкөлөргө кийлигишип жатат»,-деди.

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ким, аскердик коркунучтарга каршы куралданууну уланата тургандарын жана атомдук сыноолорун уланта тургандарын да айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости