www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киевдин Москва менен сүйлөшүүдөн баш тартышы боюнча маалыматка комментарий берди.

Кремлдин өкүлү Украина менен сүйлөшүү үчүн азыркы президент Владимир Зеленскийдин же анын ордун баскан кишинин позициясынын өзгөрүшүн күтүүгө туура келерин айтты.

Зеленский мурдараак Улуттук коопсуздук жана коргонуу кызматынын кеңешинин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместиги боюнча чечимин күчүнө киргизген жарлыкка кол койгон.

"Азыр эмне демек элек? Же азыркы президенттин позициясынын өзгөрүшүн же украин элинин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн позициясын өзгөрткөн жаңы жетекчисин күтөбүз", — деп Песковдун айтканын РИА Новости жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости