www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4 чакырылыштарынын депутаты, экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков VI чакырылыштын депутаттарына Кайрылуу жасады.

"Урматтуу депутаттар!

Жогорку Кеңеш Конституциянын жана ЖК Регламенти жөнүндө мыйзам менен иштеши керек экени белгилүү. Сиздер бул мыйзамдарды одоно бузуудасыңар.  Депутаттар мыйзам долбоорун сунуштаганда, каттоодон өтөт жана ал долбоорлордун каралышы мыйзамда белгиленген тартипте, көрсөтүлгөн мөөнөттө кабыл алынышы керек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын 5-жылдык мөөнөтү Конституциянын 70 беренесинде белгиленген жана 2020-жылдын октябрь айында жаңы шайлоо өтүшү белгилүү.   

Шайлоого сарпталуучу 560 млн. сом БШКнын бюджетинде көрсөтүлгөн жана сиздер өткөн жылы кабыл алган 2020-жылкы бюджет мыйзамы менен бекитилген.  

Элибизге белгилүү болгон, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө “мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча депутаттардын сунушу өткөн жылдын аягында катталганы маалым. Анда шайлоо мыйзамынын 2-бөлүм 64-беренесинде көрсөтүлгөн 9%тен кем эмес деген бөгөттү 5% ке түшүрүү сунушталган. 

Ал эми сиздер, бүгүн регламент мыйзамынын 1-бөлүм 43-беренесин, 1-бөлүм 51-беренесин, 5-бөлүм 51-беренесин бузуп, айтылган бул долбоордон 2 ай кийин сунушталган 9% ти 7% ке түшүрүү долбоорун карап жатасыздар. 

Тапкан шылтооңуздар, аткаруу бийлигин каралап, мурун өкмөткө жиберилген долбоорго өздөрүнүн "заключениесин" кеч берди деп жатасыздар. Кайсыл мыйзам долбоорлоруна өкмөттүн "заключениеси" керек экендиги мыйзамдарда көрсөтүлгөн. Алардын арасында шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын жоктугу жана өкмөттүн ой-пикиринин ал мыйзамга кереги жок экени баарыбызга белгилүү эмеспи. 

Элге көрүнүп эле турат, эмне үчүн сиздер бул кадамга бардыңар: 

1.Бийликке шайлоодон көп партиялардын келгенинин кереги жок болуп турат. 
2.Жогоруда белгиленген бөгөт 5%ке түшпөсө, бийликте отурган чоң жана бай партиялар эле кайрадан Жогорку Кеңешке келишет.

Азыркы ЖК депутаттарынын көпчүлүгү байлар экени белгилүү жана сиздер кайра эле күзүндө “биз келели” деген аракеттесиздер.  

Мамлекетибиз демократиялык нукта өнүксүн, эл арасынан каражаты аз болсо дагы, татыктуу программасы бар партиялар, жөндөмдүү, тажрыйбалуу, билимдүү депутаттар келсин деп, келечегибизди ойлоп, күзгү шайлоо мыйзам чегинде, таза, тынч өтсүн десениздер 5% долбоорун кабыл алыңыздар. Андан тышкары 5 млн.сомдук залогду 1млн. сомго түшүрсөңүздөр.

Сиздерди урматтоо менен Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков", - деген ал кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости