www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандык Азийя Биби аттуу аял күйөөсү менен дагы 12 адамды уулап өлтүрдү деп шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматына ылайык, келин сүткө уу кошкон. Мындай кошулма бул аймакта көп керектелген йогурттун ордуна колдонулат. Аял кошулманы күйөөсүнүн жакындарына арнап атайын даярдаган. Бул тууралуу маалыматты http://mediaplov.asia сайты жазып чыкты. 

“Биз ушул иш боюнча Азийя Биби менен анын эжесин, дагы бир жаш жигитти кармадык”,-дейт жергиликтүү полиция кызматкери Оваис Ахмад.

Полициянын айтымында, аялдын эжеси ушул ишти уюштуруп, аны кылмыш кылууга үндөгөн. Кармалган жигит шектүү аялдын көңүлдөшү. Анын да ушул ишке катышы бар.

Күйөөсүн өлтүрүүгө барган аял ага каалоосуз күч менен турмушка чыккан. Кек алуу үчүн атайын ушул кылмышка барган болушу мүмкүн.

Пакистанда кыздарды күчтөп турмушка берүү көп кездешет. Кыздарды жаш кезинде зордоп күйөөгө берүү кадимки көрүнүшкө айланган.

Белгилей кетсек, 13 адам ууланып каза тапса, 14 адам ооруканада жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости