www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда саясый сахнада мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ортосунда теке тиреш башталды. Эки үлкөндүн учурдагы саясый абалы тууралуу мурдагы маданият жана маалымат министри Камила Талиева өзүнүн пикирин NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди. 

--Саламатсызбы Камила айым, алгач учурдакы саясатта болуп жакан көрүнүштөргө көз салып, кандай пикир айта аласыз?

--Бүгүнкү күндө саясый абалда кандайдыр бир деңгээлде баш аламандык, өз билемдик, келегей саясый жүрүштөргө жыш болуп бара жаткандай. Мындай көрүнүштөрдөн кийин коомчулукта күч түзүмдөрүнө таптакыр ишенич кетип турат. Андан да таң калыштуусу, өзү тандап, Премьер-министр кызматына дайындаган оң колу да кечээ элдин оозун ачырды.  

--Демек, “гейттер”системасы күчөдүбү?

--Акылбек Жамангулов мырзанын айткандары чын болсо, не дейбиз. Жоругуң жолдо калсын, дегенден башка сөз жок. Ушундай, мыйзамга да, акылга да сыйбаган алешемдиктер Президенттин, мамлекеттин имиджине доо кетирип жатат.

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коррупция боюнча Раим Матраимовду байма-бай айтып, коомчулукка ал кишини аттын кашкасындай таанытып, Матраимовго болгон элдин кызыкчылыгын жаратып койду. Дегеле бул талашып тартышууда кимди күнөөлүү деп эсептейсиз?

--Биринчиден, Атамбаев өзү расмий билдирүү таратып, кине коюп, жеке адамдын аброюна асылып, эл алдына чыгып, «коррупционер» дегендей “ярлыктарды” илип, жаманатты кылуунун өзү мыйзамсыз. Андай чечимдерди Алмазбек Атамбаев эмес, сот аныктайт.

--2018-19-жылдын “легендасына” айланган Райымбек Матраимовду жеке тааныйсызбы?

--Чындыгында Раим Матраимовду тааныбайм. Бирок, ал өтө сабырдуу, териси пилдикинен да калың экен. Анткени ал, буга чейинки Атамбаевдин ата-энесине чейинки айтылган сөздөрүнө бир да жолу жооп берген жок. Демек, жакында чыккан Матраимовдордун Кайрылуусу абдан туура болду.

--Атамбаев менен Матраимовдун ортосунан өтүп кеткен кара мышык ажыдаарга айланды, Матраимов Атамбаев убагында кызматта болгон, азыр бош жүрөт. Эмне үчүн Атамбаев өзү бийликте турганда ал кишиге кыңк эте алган эмес...

--Экс-президент менен бул жигиттин мамилесинде кош стандарттуулук деген түшүнүк бар эмеспи, дегендей. Чогу иштешип турганда, аны мактап, качан иштешпей калганда, жаман болуп калабы? Райымбек Матраимов эртерээк жооп берип, үн катса болчудай экен, бирок, бул жерде жигитчилик кылып, чыдап келди. Аягында Атамбаевге айта турган сөзүн айтты. Бүгүнкү күндө Матраимовдун Кайрылуусун айрым трайбализм ооруусу менен ооругандар ички сезимин сыртка чыгарып атайын «аянтчага» айлантканы байкалып турат. Экс-президент менен бул жигиттин мамилесинде кош стандарттуулук деген түшүнүк бар эмеспи, дегендей. Чогуу иштешип турганда, эмнеге ошондо айтпай, качан иштешпей калганда, жаман болуп калабы?

Алмаз Шаршенович, Матраимовду Азиз Батукаевден дагы коркунучтуу душман кылып асылып алганы таң калычтуу.  Ал жигит Атамбаевге эртерээк жооп берип, үн катса болчудай экен, бирок, бул жерде жигитчилик кылып, чыдап келди.

--Атамбаев менен Матраимовдун чыры “кайын эжеби” же башка маселе жатабы?

--Албетте, бул жерде « кайын эже менен кыздын чатагы» бул жөн гана шылтоо. Атамбаев тууралуу Матраимов билген маалыматтар сыртка чыгып кетүүдөн карманып, Атамбаев Матраимовго жооп бербейт. Кетирген катачылыктарын моюнга алып Атамбаев, Райымбек Матраимовго унчукпайт. Себеби,Атамбаевдин былыктарын Матраимов толугу менен билет.

--Жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

--Атамбаевдин Матраимов менен тирешүүсү ага эч кандай аброй алып келбейт. Анткени Жогорку Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата кыргыз өкмөтүнүн даттануусу каралып, Бишкек шаардык соттун чечими күчүндө калтырылды. Бул Матраимовдун жеңиши десек болот. Андыктан биздин бийлик, бычакка сап кыргыз жигиттерин, кыйын кадрларды өздөрүнүн катарынан жок кылууну жекече амбициялар менен өч алуу ыкмаларын токтотушубуз керек.

Ошол эле учурда Атамбаев экс-президент деген макамын жерге тебелеткиси келбесе, катардагы жетекчинин деңгээлине түшүп, өзүнүн аброюн тебеленди кылбашы керек. Эгерде мындан ары Атамбаев элдин арасындагы сыйын сактагысы келсе ушуну менен ар кимге асыла берген адатын токтотушу зарыл.

Матраимовдун Кайрылуусу бекеринен болгон жок, Атамбаевге “эсиңе келгин, дагы асыла турган болсоң ит абийриңди кетирем, мындан ары менин чыдамым кетти”, деп ачыктан-ачык жарыялаганын Алмазбек Шаршенович түшүнүшү абзел.

Эң кызыгы, Атамбаев Райымбек Матраимовду кимдир бирөөлөрдөн кызганып жатканы айдан-ачык болуп калды, - дейт Камила Талиева. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости