www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак ийилет сынбайт. Мурунку бийлик,өз деңгээлин, катардагы жетекчи менен, атаандыштыка коюп, мыйзамдуу уят болду. Жогорку Соттун чечими Алмаз Шаршеновичтин 1,5 жылдан бери Раим Матраимовду ашкере пиар кылганына конкреттүү, мыйзамдуу жооп болду окшойт. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Хан кандай болуп, салабаттуу доор сүрүп, артындагыларга мүмкүнчүлүк берип, элди ынтымакка чакырып, майда жетекчилердин деңээлине түшпөй, кудайдын берген сый-урматына шүгүр кылып, кекчил болбой, кечиримдүү, айкөл болуп, доор сүрүп, өмүр өткөрүүнү, тапкан дүйнөсүнүн үзүрүн көрүп, жакшы жашоону тилек кылыш керек. Анткени ар кимге жөнү жок асылбай мындай экс-президенттик макамдында кадырын сезген жакшы.
Учурда саясаттын казанында кайнап жаткан, Раим Матраимов Жогорку соттон толугу менен акталды. Жогорку сот акыркы чечимин кабыл алды.
Эдичка Байсаловго окшогон, эки тоонун чөбүн эңсеген, ары жок, эки жака талтайып туруп алып, өзүн өзгөчө сезип, жөн эле атырылып бир нерседен кур калгансып "ЖОЛ БЕРБЕЙБИЗ"-деп, аңкылдаган, ЭДИЧКАнын акыбалы эмне болду эми...
Трайбалисттик оорусу кармап, элди бөлүп жарып, чакырык таштап, биз жол бербейбиз, "Кыргызстан биздики!" "Кыргызстанды мен бийлейм" деп жатасыңбы?! "Кара-Сууңдан чыкпа!", - деп, Матраимовго жөнү жок асылып АШАга пахта койгон “Сүмбүлдөр” Алмаз Шаршеновичти кечээ эле боктоп, бүгүн шилекейи агып, мен ким менен калаарым белгилүү деп, түкүрөгүн чачыратты. Аныгы менен ачыгын айтканда Райымбек Матраимовдун Эдичкага көзү учуп турган жок. Эркек эркектей болгону жакшы, эркек кишимин деген мырзалар, “сөзүң өлгүчө, өзүң өл”, “сүйлөгөндө абайла”, “эркектик шагың сынбасын” - деген кыргыздын уңгулуу сөзүн эске алып жүргөн жакшы, “эркек кишимин”, деген мырзалар, шактан шакка секирип, сагызгандай сайраган, күн карамалар, шакылдагандар ушинтип акыры барып ИТ болот.
Калыстыктан тайбагандарды Аллахым колдойт. Шактан шакка секирип 15-20 жылга жакын убакыттан бери, Кыргызга кылган бир эмгеги , жакшылыгы жок, өзүнчө кайталангыс саясый серепчи эсептеген, туруктуу позициясы жок, гейпараддын уюштуруучусу Эдил Байсаловдун айкырганы, канчалык деңгээлде мааниси бар экендигин, коомчулук аңдап түшүнсө болот.
Кудай бар! “Сабырдын түбү сары алтын” деген. Өнөкөткө айланган, кыргыздын тыңчыкмаларын, буттан тартуу оорууну, жекече кызыкчылыктар менен өч алуу ыкмасын Раимбек Матраимовдун мисалында, жыйынтык чыгарып, учурдагы бийлик, сабак алууга тийиш. Элге жаккан, Кыргыздын тың чыкма, бычакка сап, бышып жетилген кадрларын, ичи тардык менен бучкакка чаап, жыгытып, жок кылууну көздөбөй, алардын дараметин, күчүн тажрыйбасын, кыргыз эли үчүн, пайдаланууну биринчи орунга коюууну,бийлик башындагылар эске алуусу абзел.
Президенттин сөзүн эки кылып, тымпыйып, өз көмөчүнө күл тарткан, былжырбай кадрлардан, чимкирик, түкүрүк Өкмөттөн кутулуп, Президент өзүнүн бийлигин күчтүү команда менен, айткан реформа, милдет, шайлоодогу убадаларын иш жүзүнө ашырбаса, Абылгазиевдин кейпин кийип, колдоочуларды уят кылып, шайлоочулардын алдында ыңгайсыз акыбалда калат.
Убакыт учкан куш. Эки жылга аз калды. Бүгүнкү “Сүмбүлдөрдөн” түзүлгөн команда менен ушинтип чайналып, жалгыз кыйнала берет. Азырынча Президенттин айткандарын жан күйдүрүп, аракет кылган, кесипкөй, тажрыйбалуу, жоопкерчиликти сезген, чыгармачылык менен аракет кылган, дзот болуп көкүрөк тоскон команда жок. Бул коомчулукта болуп жаткан пикир. Коомчулуктун пикири чындыгында ачуу чындык же туура эмеспи достор?- деген пикирин мурдагы депутат Надира Нарматова жазган.
Булак: NazarNews.kg