www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

"Урматтуу энелер!

Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү майрам баарыбызга кымбат. Бул күнү биз ак элечек энелерибизге, ак жоолукчан апаларыбызга урмат көрсөтүп, алардын ысык мээримине, чексиз кайратына дагы бир ирет таазим этебиз. 

Бул  дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок. 

Ар бир адамдын мүнөзүнүн, инсандык сапатынын, турмуш сапарынын  артында эненин мээрими, насааты жана таалим-тарбиясы турат.

Эненин күнүмдүк түйшүгү, аркалаган жүгү - баардык иштен салмактуу  жана жооптуу.

Урматтуу энелер! Сиздерге кандай алкыш сөз айтпайлы, кандай гана сый-урмат көрсөтпөйлү, баары теӊ аздык кылат. 

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалаймын!

Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр.

Үйүңүздөр баланын бактылуу үнүнө толуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин! Майрамыңыздар кут болсун!"

Булак:NazarNews.kg

Последние новости