www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкара менен Москва эми куралдык жабдуу жаатында бирге кызматташууну баштайт. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдиргенине караганда, алар эми Москва менен биргеликте С-500 абадан коргонуу системасын өндүрүп чыгуусу пландалууда.
Түркия Орусиядан С-400 комплекстерин жана АКШдан Ф-35 аскердик учактарын сатып алат.
Москва менен Анкара 2,5 миллион долларга төрт С-400 комплексин сатып алуу тууралуу макулдашууга 2017-жылы кол койгон. Анда абадан коргонуу системасынын алгачкылары Түркияга 2020-жылы жазында жеткириле баштай тургандыгы жазылган. Бирок кийинчерээк тараптар бул мөөнөттү 2019-жылдын июлуна жылдырган.
АКШ буга каршылыгын билдирүүдө. Вашингтон Анкаранын бул келишимден баш тартуусун талап кылууда. Себеби, АКШнын НАТО өлкөлөрү үчүн өндүргөн Ф-35 аскердик учактарынын сыры Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн.
Эгер, Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштырса, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгын АКШ Сенатында айтылды.
Булак:NazarNews.kg