www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турциянын Стамбул шаарындагы имараттын биринде, күйөөлөрүнүн колунан зордук-зомбулук менен каза болгон 440 аялдардын элесине арналып 440 аял бут кийими илинди. Бул бир өлкөдө бир  жыл ичинде гана күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аялдардын саны. Ал эми дүйнө жүзү боюнча зомбулукка кабылып, ажал тапкан аялдардын саны канча? 

Мындай эстелик  орнотуунун башкы идеясы турциялык сүрөтчү-дизайнер Vahit Tunaга таандык. Анын айтымында, ММКларда зомбулукка кабылган аялдар тууралуу тынбай маалыматтар чыгып турат. Бирок, алар убакыт өткөн соң унутулуп калат. Ошол себептен, дайыма бул маселе коомдун эсинде болуп туруу максатында жасаганын билдирет. Бул тууралуу маалыматты https://www.akchabar.kg сайты жазып чыкты. 

Баса, Кыргызстандагы Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева деген айым бар. Аялдардын кризистик борборун ачканы менен канчалаган аялдар, эркектерден жапа чегип, канчасы зордукталды үн ката элек. Бактыга жараша майрамдарда төш белгисин жакын адамдарына тагып жүргөнүн тынымсыз көрүүгө болот. 

Замира айым, ойгонсоңуз боло!...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости