www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «Азаттык» радиосунун кызматкерлеринин жана Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн жашоочуларынын катышуусунда 28-сентябрда болгон окуя кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө мурда катталган үч арыздын алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. «Азаттык» радиосунун оператору өз арызында белгилеген, видеоаппаратураларды тартып алган жарандар аныкталып, алар тергөө кызматына өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат. Алынган видеоаппаратура ал жарандар тарабынан акт негизинде тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тергөө иштеринин алкагында буюм ээлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт жана тартылып алынган видео-фото тасмалар болгон болсо-атайын экспертиза дайындалат.

Жабырлануучу катары арыз берген «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго анын жараатынын оор-жеңилин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ушундай эле экспертиза Супаналиев көчөсүнүн жашоочусу, башына дрон түшкөн жаранга карата дагы дайындалып, аталган көчөнүн жашоочуларын күбө катары суроо улантылууда. Тергөө кызматы эки тараптын тең адвокаттары менен мыйзам алкагында иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости