www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Париждин көчөлөрү бүгүн тыгынга толуп кетти. Жүздөгөн метрге созулган кезек күткөн элдин аягы көрүнбөйт. Булар Франциянын мурдагы лидери Жак Ширак менен коштошуу үчүн ашыккандар. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып жатышат.
Париждеги Елисей хан сарайында, мэриясында жана Франциянын дээрлик баардык шаарларында көңүл айтуу китепчелер ачылып анда француздар экс-президентти эскерген кол жазмаларын калтырып жатышканы айтылат. Алардын саны дагы миллиондон ашкан. Ошондой эле Франция лидерин эскерүү Орусияда дагы өтүп жатканын жергиликтүү орус маалымат каражаттары жазышууда. Анда дагы миңдеген адамдар Ширакты эскерген.
Эске сала кетсек, Францияны 1997-2005-жылдары башкарган Жак Ширак 26-сентябрь күнү 86 жашында дүйнө салган. Эскерүү аземи бүгүн 30-сентябрда, Париждеги Сен-Сюльпис чиркөөсүндө өтөөрү айтылып, ага бир катар өлкөлөрдүн башчылары, алардын катарында Орусия президентти Владимир Путиндин дагы катышары күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg