www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү майга кимдер минип алышкан?...

Буга чейин ЖКнын жыйынында депутат Кенжебек Бокоев бажы бирлигинин алкагында маселе көтөрүп, Казакстан менен биздеги күйүүчү майга болгон баанын 15 сомдун тегерегиндеги айрымачылыктын себебине кызыгып, өкмөттү жарга такаган эле. Кечээ, депутат Элвира Сурабалдиева дагы өлкөдөгү күйүүчү майга болгон баанын эмнеден улам арзандабай жатышына кызыгып, тийиштүү мекемеге суроо узатты.

Депутат айымдын айтуусунда, бензин 10 сомго чейин арзандоо шарты бар. “Казакстанда бензиндин баасы кескин түшкөнүнө карабай биздеги баа арзандабайт. Ал жактагы баа биздегиге салыштырмалуу 10-15 сомго арзан болууда. Эмнеге экономика министри элди ойлобойт, бензин 10 сомго арзандаса жаманбы?”— деп нааразы болду Сурабалдиева.

Буга чейин вице-премьер министр Замир Аскаров чындап эле эки мамлекеттин ортосундагы баада айырыма бар экенин айтып, 10 сомго чейин арзандатууларга барууга болоорун айткан болчу.

Булак: "Факты.kg"

Последние новости