www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Гүлмира Каримовна, сиз министр болгону сындан башка ырыстуу сөз уга элексиз. Жемеге кулагыңыз бышып бүттүбү? Бетиңиз чымырап, уялбай калдыңызбы? Ким эмне дебесин кулактын сыртынан кетиргенге көндүңүзбү? Сизге кимдир бирөө мактоо айтса өөн учурайбы? Же кошоматчылар коомчулуктун ачуу сынына тең салмак болсун деп жалганды айтып көңүлүңүздү көтөрүп жатышабы?

Эмнеге Африкага чейин барып айткан акылыңыз өзүбүздүн «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» болгон билим берүү тармагын көтөргөнгө жетпей жатат? Колумдан эч нерсе келген жок, кызматка тырмышпай кетип калайынчы деген ой эң кур дегенде бир жолу мээңизге келдиби? Келсе качан кетейин деп жатасыз, келбесе качан келчүдөй?

Мына 32 миллион сомго чыккан окуу китептери жараксыз болуп калды. Дүйнөлүк банк берген акча ошентип талаага кетти. Бул үчүн жоопкерчилик тартып, абакка отуруп калам деген ой келип жатабы? Эң кур дегенде китептин оңдуу чыгышын көзөмөлдөгөнгө чамаңыз жетпеген соң, кайсы арыңызга министр болуп отурасыз? Министрлик мураска калган эмес беле?..

Булак: "Фабула"

Последние новости