www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду этектеп жанынан чыкпай шынаарлап жүрүп, качан Сооронбай Жээнбеков президент болгондо терисин алмаштырган жыландай өзгөргөн Жыргалбек Турускуловдун буга чейинки ишмердүүлүгү боюнча күмөндүү жагдайлар көп экени айтылууда. Эмнеге Бабановдун «далысына бычак сайып» кыйынчылыкта жан айласы кылып куйругун кесип таштай качкан кескелдириктин образына өттү десе, куйругунда шалдырган «шакмарлары» бар тура. Руслан Казакбаевди лидерликтен кетирип, ордуна «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп, бийликтин камчысын чаба баштады десе, былыгынан чочулап, кошомат кылып жаткан экен.

Учурда Жыргалбек мырза «Востокэлектрого» жетекчи болгон кезде, «акылдуу эсептегичтерди» сатып алууда мамлекетке чыгым келтирген коррупциялык элементтерге жол бергенин тиешелүү органдар тарабынан билинип, кылмыш иши козголуп, бирок кайра жабылганы талкууланууда.

Булак: "Фабула"

Последние новости