www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акча деген балээнин күчүн колдонуп, жер менен баспай калган шылуундардын саны арбыды. Жакында Ош облусунун мурдагы ветеринария тармагынын ана башчысы болуп иштеп, элге жакпаса дагы жогору жакка жагып ишинен көтөрүлүп Бишкекке келген Кумарбек Исаков деген өзүн -өзү билген чыгаан чыкканы, уу-дуу кеп болууда.
Кээ бир такталбаган маалыматтарга таянсак бул кишинин кылбаганы деле калбаптыр. Бирок текшерген жан жок имиш, анткени таянган тоосу бар окшойт...
Айткандай азыр дагы Ош шаарында бул кишинин артынан жагымсыз сөз ээрчип, жасап жаткан иштерине көз салгандар “чет өлкөгө кургак сүт сатып, көк акчага маарыды” деген маалымат таратышты.
Бирок Ошто кургак сүт чыгарган завод болбосо, ал кантип кургак сүт чыгарды?-деген суроого, “жалган докумет жасалган” деп чыгышты.
Ал эми Кумарбек мырза “бул айтылгандардын баары жалган” деп кан какшап айтса жанына киши тура албайт. Курманбек мырзанын бул жоругу “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген макалды эске салат. Деги кимге ишенип болот билбей да калдык. Бирок, бекер жерден чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, ансыңары бул, жөн жерден чыккан сөз эмес экенин да эске салып койгонубуз туура.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg