www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Карганы туурайм деп, каздын буту сыныптыр” дегендей, өнүккөн өлкөлөрдү туурап, туура эмес мыйзам чыгарып алган депутаттар катуу сынга кабылып, элдин талкуусунда калды. Түкүрүк маселеси эми гана соолгундап, эл оозун тыйып бара жатканда “жол кире кымбаттайт” деген сөз элдин кайра кыжырын келтирди.

Ооба, башка өлкөлөрдө айлык акы жогору, пенсиянын баасы ойдогудай, завод –фабрика иштеп, мамлекеттин бюджети тартыш эмес. Аларга го кымбаттаткан жарашат. Ал эми мигранттардын арты менен жан баккан карапайым калктын жашоо турмушуна көз салып, жок дегенде мугалим менен медиктердин айлыгын жогорлатып коюп анан чоң сүйлөсө оозго жарашат эле.

Бирок билинбей эле чабал өлкөбүздүн абалын көрүп билип туруп, акырындык менен кымбатчылыкка түртүп бара жаткан чийки мыйзамдардын жазылып жатканы чынында эле толук ойлонулбай калгандан белги берип келет. Бул эми жогору жакта кимдер билерман болуп жаткандан белги берип жатпайбы.

Кызматка келгенде “эл үчүн кызмат кылам” деп ооздорунан ак көбүк акканча убада беришет да анан кызматка келип алган соң минтип кымбатчылыктын белгизин берип шылтоо айткандары туура эмес жорук экенин эстерине алып коюшса болот эле. 

Кандай болгон кундө дагы, "лохтор" жазган чийки мыйзамдардын кесепети элге эмес, өздөрүнө дагы тийип жатат...

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости