www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда «Борбор Азия менен Кытайдын тынч жол менен биригишине көмөктөшүү ассоциациясы» аттуу коомдук бирикме расмий каттоодон өттү.
Маалыматка ылайык, уюм 2025-жылдын 30-декабрында мамлекеттик каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Шао Куйнин көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрүнүн арасында Сунь Убо, Шао Куйнин жана Ли Женжун бар.
Уюмдун аталышындагы «тынч жол менен биригүү» деген түшүнүк Кытайдын расмий саясий терминологиясында көбүнчө Тайвань маселесине байланыштуу колдонулары белгилүү. Ушуга байланыштуу аталган аталыштагы коомдук бирикменин Кыргызстанда каттоодон өтүшү коомдук талкууларга себеп болууда.
Азырынча ассоциация өзүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары, максаттары жана пландары тууралуу кеңири маалымат бере элек.
Акыркы жылдары Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык жана гуманитардык байланыштары активдүү өнүгүп келет. Кыргызстан да бул кызматташтыктын алкагында Кытай менен бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатат.