www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шымкент Кытайдын аракетинин аркасында азыркы Жибек Жолунун берметине айланган Казакстандын үчүнчү чоң шаары. Эки өлкө “Бир алкак, бир жол” алкагында кызматташуунун үлгүсү болгон жергиликтүү ишкананы заманбап жана экологиялык жактан таза мунай иштетүүчү заводго айландыруу ийгиликтүү болду. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди. 

Мурат Тапбергенов — “ПетроКазахстан Ойл Продактс” заводунун негизги установкаларын башкаруу борбору жайгашкан учунчу цехтин башчысы.

"Экранда реактордун температурасы 649 градуска жеткени көрүнүп турат. Мен кесиптешиме температураны 4 градуска төмөндөтүү керектигин айттым", - деп түшүндүрдү Мурат Тапбергенов.

1970-жылдары долбоорлонгон завод өндүрүш технологиясы артта калгандыктан жана эски жабдуулардан улам жогорку сапаттагы мунай өндүрө алган эмес. Ошондуктан, 2014-жылы “ПетроКазахстан Ойл Продактстын” 50% үлүшүнө ээ Кытайдын Улуттук мунай жана газ корпорациясынын колдоосу менен ишкананы реконструкциялоо иштери башталган. 2018-жылы модернизациялоо иштери аяктап, андан бери завод тынымсыз сапаттуу продукция чыгарып келет. Бүгүнкү күндө Казакстандагы мунай продуктыларынын 40%дан ашыгы ушул жерде өндүрүлөт.

“Орто эсеп менен Казакстандын нефтини кайра иштетүүчү заводдору жылына 5,5 миллион тонна мунай иштетет, Шымкент заводу 6 миллион 200 миң мунай иштетет”, - деди “ПетроКазахстан Ойл Продактс” компаниясынын президенти Ерболат Кожабаев.

“Заводдун нефтини кайра иштетүү кубаттуулугун модернизациялоо долбоору ишке ашырылганга чейин жылына 5,5 миллион тоннага жакын болсо, азыр 6 миллион тоннаны түзүүдө. Ачык мунай продуктуларынын түшүмү да 50 пайыздан 80 пайызга, ”, - деди PetroKazakhstan Oil Products компаниясынын биринчи вице-президенти Цзян Чжиюан.

Ишкана жергиликтүү тургундар үчүн дагы кошумча жумуш орундарын түздү. Кытай-Казакстан биргелешкен ишканасында 20дай кытайлык болсо, 1800дөн ашууну казакстандыктар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости