www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Европа комиссиясынын төрайымынын орун басары Кайя Каллас менен болгон жабык жолугушууда Пекин Россиянын Украинадагы согушта жеңилишин каалабай турганын билдирди. Бул тууралуу <<South China Morning Post» жазды.
Мунун себебин ал АКШ андан кийин көңүлүн Кытайга бурат деген кооптонуу менен байланыштырган. Ван И Кытай Москвага аскердик колдоо көрсөтпөгөнүн баса белгилеп, бирок Пекин үчүн конфликттин жыйынтыгы маанилүү экенин ачык билдирген. Бул ачык билдирүүлөр АКШнын Украинага аскердик жардамын кыскартып, Вашингтондун Инди-Тынч океан аймагына багыт алышынан улам жасалды.
Жолугушуудан көп өтпөй Кытай алдыдагы Евробиримдик менен боло турган саммитин 2 күндөн 1 күнгө чейин кыскартты, бул эксперттердин пикиринде, ЕБ менен АКШнын ортосундагы мүмкүн болгон соода келишими жана сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоо боюнча талаш-тартыштардын күчөшү менен байланыштуу.
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Пекин Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап, дипломатиялык диалогго чакырып жатканын билдирди.