www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 4-июль күнү саат 20:20 чамасында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Шибе айылындагы Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан 2009-жылы туулган өспүрүм жана анын 2017-жылы туулган иниси сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14 куткаруучу, Чоң-Алай РИИБден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 55 адам тартылган. Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 5-июлда таңкы саат 4:00дө издөө иштери улантылып, саат 7:00 чамасында эки баланын тең жансыз денелери табылып, суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Последние новости