www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине сөз эркиндиги жана Канышай Мамыркулованын иши тууралуу суроолорго жооп берди.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору учурда сиздин карооңузга келгени маалым.
Журналисттер арасында бул мыйзам Жогорку Кеңеште сөз эркиндигине чектөө коюшу мүмкүн деген нормалар менен толукталып калды деп тынчсызданууларын айтышууда?
Ал мыйзам менен тааныша элекмин.
Таанышкандан кийин же кол коем же каршы пикир менен артка кайтарам.
Жакында журналист Канышай Мамыркулова пробация тартибинде эркиндикке чыкты. Бул иш боюнча коомчулукта да ар кандай көз караштар айтылып жатат. Өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендер да бар.
Биздин өлкөдө эч качан сөз эркиндигине кысым болбойт. Буга кыргыз эли да жол бербейт. Себеби кыргыз эли эркин жүргөн эл. Ал эми Канышайдыкы болсо ал сөз эркиндиги эмес. Мейли бизди кандай сындаса ошондой сындай берсин, биз сынын көтөрөбүз. Аныкынан чоң сындарга деле көңүл бурбай иштеп келе жатабыз. Бирок Тажикстан менен чек ара маселеси жакшы чечилип бүтүп жатканда эки өлкөнүн ортосуна от жакканы бул сөз эркиндигине жатпайт. Бул жоопкерчиликсиз нерсе. Кудай анын бетин ары кылсын эгер кайрадан согуш чыгып кете турган болсо Канышай барып согушпайт эле. Ал тили менен сайрап эки мамлекетти кагыштырып коюп Бишкекте олтура берет. Жөнөкөй жаш балдар окко учат. Ушуну ар бир жаран мейли журналистсиңби же жөнөкөй жарансыңбы эстен чыгарбаш керек. Сөз эркиндиги десе эле жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканды токтотуш керек.