www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине Балыкчынын жаңы мэри Султан Керималиев тууралуу пикирин билдирди.

Соцтармакта катуу талкуу жараткан дагы бир тема Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэри Султан Керималиевдин маеги болууда. Көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын, ашыкча мактанчаактыгын белгилешип, бийлик кадрларды кантип тандайт деген суроону коюшууда. Балыкчынын мэри кантип келип калды?

Бул жигит Балыкчынын көл жээгин жасаган жигит. Чолпон-Атада дагы жакшы иштерди жасап жүрөт. Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак, мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем дегенинен макул деп, Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрлүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендерди да көрдүм. 2020-жылы жаштарды бийликке алып келиш керек деп эл талап койгондо жаштарды да министр кылып көрдүм. Беш ай иштей албай кызматтан кеткендер болду. Бизде жакшы кадрлар жетишпейт. Себеби 30 жыл кадр өстүргөн эмеспиз да. Мурда тааныш билиштик кылып эле кызматка ала беришчү. Албетте бул биздин трагедиябыз болгон.

Азыр эми келечекке кадрларды даярдаш үчүн мектептен баштадык. Чолпон-Атада эки жылдан бери "Акылман" мектеби иштеп жатат. Жакында түштүккө дагы бир "Акылман" мектебин ачабыз. Чолпон-Атага келбестен түштүк жактагы балдарыбыз ошол жакта эле окушса болот. Ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтар менен камсыз болушат. Бирөө да көчөдө калбайт. Муну мыйзам менен бекитип койдук. Бул эми келечектин иши.

Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз.

 

 

Последние новости