www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-декабрдан тарта Юстиция министрлигинин калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды. Анын алкагында министрликтин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору жана 12 координатор, облустук юстиция башкармалыктары, райондук мамлекеттик нотариалдык конторалар, коомдук уюмдар, Адвокатуранын аймактык бөлүмдөрү өлкө ичинде жардам көрсөтүшөт.
Ошондой эле адвокаттар менен юристтер борбор калаада жана аймактарда, калк көп чогулган жайларда жарандарга юридикалык консультация берет. Мындан тышкары өлкөнүн бардык ири окуу жайларында лекциялар өткөрүлүп, маалыматтык-агартуу материалдары таркатылат.
Он күндүктүн негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.
10-декабрга чейин созулган декада Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор ПРООНдун жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоору менен өнөктөштүктө өткөрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg