www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын вице-мэрлери жана соцкызматкерлер мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм балдардан кабал алышууда.

Вице-мэр Асылбек Топчубаев соцкызматкерлер менен бирге 14 жаштагы Аселден кабар алды. Асел өз алдынча басалбагандыктан жаңы майыптар арабасы берилди.

Мындан тышкары азык-түлүк баштыктасы берилип, акчалай жардам көрсөтүлдү. Асел дайым апасынан кароосунда болуп, мектепке да барат. Ал мектепте жаттаган ырын кабар алып келгендерге ырдап берди.

Вице-мэр А. Топчубаев 2001-жылы туулган Клюс Анастасиядан да кабар алып, акчалай жардам жана азык-түлүктөн көмөк көрсөтүштү. Анастасия сүйлөй албайт, баспайт.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерден кабар алуу боюнча Ош шаарынын мэри тапшырма берген деп билдирет Ош шаардык мэриясынан Азамат Абсаттаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости