www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы маршрутканын айдоочулары иш таштоосун улантканына байланыштуу таксисттерге кайрылды.
«Урматтуу такси кызматынын ээлери, жетекчилери жана жүргүнчү ташуу менен жекече алектенген жарандар! Мэрия кызмат акыңарды жогорулатпоону өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет шаар тургундары жумумушуна жана үйүнө бара албай кыйналып жатканын белгиледи.
«Биз шаардыктарды калаа боюнча акысыз ташууну уюштурдук, автобустар жана троллейбустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Сиздерди түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз. Айдоочулар, кыйын кырдаалдан пайдаланбаңыздар. Жүргүнчүлөр сиздерге ыраазы болот», — деп билдирди мэрия.
Белгилей кетсек, кечээтен бери Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.
Мэрия маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилерин билдирген.
Эске салсак, буга чейин ЖМКларда айдоочулар бир апта бою жумуш таштай турганы тууралуу маалыматтар жазылган. Мэрия маршруттук унааларга ээлик кылган фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, жыйынтыгы азырынча айтыла элек.
Булак: NazarNews.kg