www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 24-июлундагы №96 Жарлыгына ылайык,  республикада алгачкы ирет 9-сентябрда Комуз күнү белгиленди. Тарых баракчаларына токтоло кетсек, комуз, чeртмек - кыргыз элинин кылдуу чертме музыкалык аспабы.

Түрк элдеринде улуттук тартма кылдуу, чертме жана какма аспаптарынын кобус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп аталышы Комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт.

“Кобуз” музыкалык аспабы көптөгөн аспаптардын ичинен 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет.

Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдөөгө эмгектерин арнап келишкен жерлери бар.

Буга байланыштуу, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын кызматкерлери жана чакырылган коноктор комуз күүлөрүн чертип, мааракелүү иш-чара болуп өттү, деп билдирди ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости