www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Шкода үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшкөн оор жол кырсыгы катталды. Учурда кырсык болгон жерде ИИМдин Жол кыймылынын кызматкерлери, ӨКМнын куткаруу кызматы жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат. Кырсык эмнеден улам болгону боюнча азыр маалымат жок.

Бишкек ШИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын маалыматы боюнча, 4 жаран кырсык болгон жерде каза болсо, дагы бир кыз оор абалда ооруканага алынып кеткен. Автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да жаракат алышкан. 

Маалыматтарга караганда, жеңил унааны 17 жаштагы жигит айдап бараткан.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости