www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доха шаарында 8-сентябрь күнү, кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Коммерция жана өнөр жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана келишимдер департаментинин директору Ахмед Ахин менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин, анын ичинде Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын жана кыргыз-катар ишкерлер кеңешмесинин биринчи отурумун өткөрүү үчүн ыңгайлуу мөөнөттөр боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарабы Катар Мамлекетине өзүнүн азыктарын, тактап айтканда айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Катардын ортосундагы транспорттук жана логистикалык маршруттарды табууну активдештирүүнү макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости