www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 9-сентябрда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланып, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев суралды.

Бул тууралуу камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча кеңеш деген бөлүм бар. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди оңдоого TBEA компаниясын гана сунуш кылабыз» деп жиберген каттары боюнча суроолор берилди. «Бул каттар Кытай өкмөтүнүн позициясын көрсөтөбү?» деген суроолорго Эрлан Абдылдаев «ооба» деп жооп узатты", - деди Жоошев​.

Райондук сот ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу шек саналган мурдагы чиновниктердин жактоочуларынын күбөлөрүн сурай баштады.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

Последние новости