www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматтан алуу тууралуу указга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга башка өлкөнүн жаранынын анын унаасында жүргөндүгү себеп болушу мүмкүн.

Эске салсак, 11-ноябрь күнү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу жараткан Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон учурда, ал Кыргызстандын Түркиянын Стамбул Башкы консулдугунун дипломаттык номери тагылган Range Rover үлгүсүндөгү унаа менен жүргөнүн түркиялык сайттар жарыялашты. Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер кантип Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн дипломаттык номерине ээлик кылып калганы боюнча суроо жаралды.

Бул унаа боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулуна билдирүү жөнөткөнүн билдирген. Бирок, дагы деле маалымат бере элек.

NazarNews.kg кызыгуу жараткан Эркин Сопоков тууралуу ачык маалыматтарды жыйнап көрдү.

Эркин Сопоков 1968-жылы туулган.

Иш тажрыйбасын “Кадамжай” совхозунда жумушчу болуп баштаган. 1985-жылдан 1989-жылга чейин “Кыргызстандын 60 жылдыгы” совхозунда айдоочу болуп иштеген. 1998-жылдан 2002-жылга чейин Алмазбек Атамбаевге тиешелүү “Кыргызавтомашта” айдоочу болуп иштеген. Ошондон тарта ити чөп жей баштаган. 2002-жылдан баштап ал ИИМ жана Салык кызматында түрдүү кызматтарды аркалаган. Ошентип 2017-жылы апрель айында Сопоковду Алмазбек Атамбаев Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кылып дайындаган. Баса, бул кызматка чейин Сопоков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын директору болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости