www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Алар Адана шаарынан Сирияга өтүп кетүү маалында кылтакка илинген. Белгилүү болгондой алардын экөөсү кыргызстандык, бирөө Сириянын жараны. Бул тууралуу Sondakika басылмасы Anadolu (Акыркы мүнөттө) агенттиги жазды.

Маалым болгондой, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылаарда Түркиянын түштүгүндөгү Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн атайын ыкчам иш чаралардын учурунда кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех кармалган.

Суракта  алар Айэркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Учурда кармалган жарандар Аданадан Стамбулга алынып келе жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости