www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентти өз жайытындай сезип калган эл өкүлү Өмүрбек Текебаев бийликтегилерди кезек менен коркутуп, криминалдар менен күрөшөм деп 2010-жылы шайлоодон өтүп келген. Ал парламент отурумунда ИИМдин жетекчилерине өкүм сүйлөп, кримавторитет делип жүргөн Камчыбек Көлбаевдин Кырчын жайлоосуна барып депутаттар менен кошуна боз үйдө конок болгонун сындап, "эмне, биз менен атаандашкысы барбы анын?!" деп жаны кашайган. Албетте, кантсе да укукту жадыбалдай окуп, Баш мыйзамга  баш ийген сот органдары ооз ачкыча биз эч кимди күнөөлөөгө тийиш эмеспиз. Бирок, ар кимге тийиштик кылган, «кудайдын чүчкүрүгүнөн» жаралган Өмүрбек Чиркешович Бишкектин Орто-Сай конушундагы Ала-Арчадагы, эң кымбат VIР шаарчадагы миллиондогон доллар менен курулган, жаңы салынып жаткан үйүнүн жанына  Камчы Көлбаев да үй салып, экөө кошуна экенин билбейби? «Алыскы туугандан жакынкы кошуна» деп коёт кыргыз эли, балким жөн жашабаган «Ата-Мекендин» жол башчысы кошунасын да чукулап жүрөбү?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости