www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Оренбург облусунун чек арасында бажы кызматкерлери Кыргызстандан Россияга бара жаткан жүк ташуучу унааны токтотушту. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар Самар бажысынын басма сөз кызматына таянып, жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кургатылган жер-жемиштерди жана жаңгак алып бара жатканын айткан. Бирок, бажы кызматынын кызматкерлери текшерүү учурунда жаңгак жана кургатылган жемиштердин алдынан кальянга кошула турган түрк табагы коробкасы менен табышкан.
Болжол менен 20 миң даана маркасы жок, салмагы бир тоннага жакын чылымдын партиясын эксперттер 2 миллион сомго баалашты.
Россиянын мыйзамдарына ылайык, өлкөгө маркалары жок тамеки, чылым буюмдарын импорттоого тыюу салынган. Бажы кызматкерлери товарды киргизүүгө аракет кылган адамга карата администрациялык ишин козгошуп, чылымды алып коюшту. Кылмышкерлердин кылмыш жоопкерчилигине тартылары тууралуу маселе каралып жатат.
Булак: NazarNews.kg