www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев Эл аралык Кызыл чырым коомунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Карлос Баталлас жана аталган коомдун экс-жетекчиси Сангита Кенинг менен жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар жаза өтөө жайларындагы жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жөнүндө пикир алышып, 2020-жылы жасала турган иш мерчемдер боюнча кеңешишти.
Мелис Турганбаев экс-жетекчи Сангита Кенинге “Мыкты Айым” төш белгисин тапшырып, Кызыл Чырым коому тарабынан көрсөтүлгөн жардамдарга ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, аталган мекемелер 2002-жылдан бери кызматташып келишет жана анын аркасында өлкөдөгү абакта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүлүүдө.
Атай кетсек, №8-мекеменин сырткы канализациясы курулушу аяктап, ушул эле жерде карантин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөн.
№16-мекемелерде медициналык-санитардык бөлүмдүн чатырчасы жаңыртылып, узак мөөнөткө жолугушуу бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Ушундай эле жолугушуу бөлмөлөрү №23, 25 мекемелерде курулуп, айрым мекемелерде карылар, балдар жайгашкан жайларды, ашканалары оңдоо иштери жүргөн.
Ал эми, № 2- мекемеде соттолгондордун бейтапканасында кошумча палаталар салынып, №1, 8, 21, 23, 24, 25 мекемелерде видео-конферец залдарды оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Аталган эл аралык коом кызматкерлерди окутууда, түрмөлөрдү башкаруу системасын эл аралык стандартка ылайык оптималдаштырууда жана абактарда кургак учук менен күрөшүү иштерин жүргүзүүдө да чоң колдоолорду көргөзүп келет. Өткөн жылы ЖАМКнын пробация кызматынын соц кызматкерлерине жана психологдоруна арналган методикалык колдонмолорун түзгөн топко жардам көргөзгөн.
Булак: NazarNews.kg