www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ өкмөтү кош бойлуу аялдарга туристтик виза берүү үчүн эрежелерди татаалдатат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаменти билдирди.
Жаңы эрежелер жума күндөн ишке кирет. Алардын максаты-АКШга төрөө үчүн келген аялдардын жолун тосуу. Американын конституциясы боюнча ата-энеси кайсы өлкөнүн жараны болсо да Американын аймагында төрөлгөн ымыркай автоматтык түрдө АКШнын жарандыгына ээ болот.
Американын виза бере турган консулдугу аялдардын АКШда төрөө үчүн кетип бара жаткандыгына күмөн санашса, виза бербей коюуга укгу бар. Ошондуктан кош бойлуу аялдар Америкага барыш үчүн алардын максаты башка экендигине ынандыруусу керек. Politico билдиргендей 2016-жылдын 2- жарым жылдыгында 2017-жылдын жарым жылдыгында расмий маалыматтар боюнча энелери туристтик виза алып, АКШда 33 миң тегерегиндеги бала төрөлгөн.
Мындан сырткары эреже боюнча виза узак убакытта берилгендиктен, аялдар төрөгөнгө чейин берилип калуу ыктымалы бар. Ошондуктан мындай чара АКШда төрөй турган чет элдик энелердин санын азайтууга көмүн санагандар дагы бар.
Буга чейин Дональд Трамп АКШда төрөгөн бардык чет элдик энелердин ымыркайларына жарандык берүүнү токтотуучу указ чыгарышы ыктымал экендигин айткан. Мындай пикир көптөгөн юристтердин сынына кабылып, конституцияга туура келбестигин айтып нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти жогорудагыдай чечим кабыл алышкан.
Булак:NazarNews.kg