www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 24-январда "NazarNews.kg" маалымат агенттиги Казахстандын “Алматы шаарына коронавирус келдиби” деген видео тараганын жазып чыккан эле. Бул тууралуу социалдык тармактарда жана ММКында кызуу кеп болгон.
Видеодо атайын кызмат коронавирус жукту делген кишини коопсуздук эрежесине туура келген кишини унаадан, учактан медициналык зембилге салып кетишкендигин көрүүгө болот. Такталбаган малымат боюнча “коронавирус менен жабыркаган киши Кытайдын вирустун очогу делген Ухань шаарынан Алматыга келген. Бирок Казахстан расмий түрдө бул тууралуу маалымат бере элек.
Вирусту жуктуруп албоо үчүн:
- колду дайыма самын же курамында спирт бар каражат менен жууп туруу;
- чүчкүргөндө же жөнөлгөндө оозду жана мурунду кол же кагаз сүлгү менен жабуу;
- курч респиратордук инфекциянын белгилери бар адамдар менен байланыш түзбөө;
- эт жана жумуртканы дыкат термикалык иштетүүдөн өткөрүү;
- жапайы жаратылыштагы жаныбарлар жана куштарга жакындабоо керек;
- эгер дене табыңыз жогорулап, жөнөтүлүп, дем алууда кыйналып жатсаңыз медициналык жардам алыңыз.
9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл.
Жаңы вируска байланыштуу Кыргызстанда:
Акыркы маалыматтар боюнча бул оорудан 26 киши каза болуп, 850 адамга жуккандыгы кабарланды.
Оору чет өлкөгө да тарап, Түштүк Корея, АКШ, Тайвань, Таиланд, Япония жана айрым маалыматтар боюнча Россияга тарагандыгы кабарланууда.
Булак: NazarNews.kg