www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон эпидемияга байланыштуу Монголия 200 миң доллар жардам көрсөтөт. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Монголия министрлер кабинетинин отурумунда вируска байланыштуу Кытайга кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынды.
Коргоо министри Н.Энхболд өкмөттүн өкүлү катары коронавирусту жуктуруп алуу коркунучун алдын алуу боюнча парламентте сөз кылды.
Андан сырткары: “Монголия тарабынан вируска байланыштуу Кытайга кайтарымсыз 200 миң доллар жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кытай тарапка элчилик аркылуу маалымдайбыз. Оор учурда болушунча эртерээк коңшу өлкөгө жардам берүүбүз керек”- дейт министр өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости