www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Королдук Евросоюздун бир бөлүгү болбой калды. Тагырагы, европалык коомго 47 жыл боюу мүчөсү болуп келген Улуу британия кечээ, 31-январдан тарта катардан расмий чыкты. Бул туурасында дүйнөлүк маалымат булактары билдирүүдө.

Мындай чечим 2016-жылдагы референдумда белгилүү болгон. Анда, 1,3 млн (52% каршы 48%) добуш менен көптөгөн британдыктар ЕБдан чыгуу каалоосун билдиришкен.   

Анткен менен биримдиктен расмий чыгаардан бир саат мурда, британдык өкмөт башчы Борис Джонсон элине кайрылып, кооптуу жагдайларды эске алган. Ал Улуу британия жаңы шарттарга ыңгайлашуунун, жаңы деңгээлге көтөрүлүүнүн башатында турганын белгилейт. Айтымында, 2020-жылдын 31-декабрына чейин Британия өкмөтү өткөөл мезгилди сынап көрүүнү чечкен.

 

Андыктан расмий болбосо дагы, азырынча эч кандай бул “ажырашуу” болбогон сыңары, каролдук биримдикке кирген башка 27 өлкөлөр менен катар 11 ай боюу мурдагыдай эле кала берет. Бирок бул убакыттын ичинде тараптар келечектеги карым-катыштарын, кийинки жашоосу туурасындагы баардык талаптарды талкуулашы керек. Баарынан мурда ачык соодадагы келишимдерге жетишүү аракеттери турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости