www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэр Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган иштер боюнча тапшырма берди. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана куруу боюнча иштелип жаткан долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Калаа башчысы тиешелүү адистер менен кеңешип, долбоорго кошумча сунуштарды айтты. “Долбоорду кылдаттык менен иштегиле. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин тездетип, жээктерди тосуп алган жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Дарыянын жээги жалпы жашоочуларга таандык. Ак-Буура дарыясын көркүнө чыгарып, шаардыктардын, келген коноктордун эс алуусуна шарт түзүп берүү биздин милдет”,-деди мэр. Долбоордо Ак-Буура дарыясынын эки жээгине веложол, тротуар курулуп, көрктөндүрүү каралган. Дарыянын жээги жарыктандырылып, отургучтар коюлат. Алгач жээктер таштар менен бекемделип, тосмолор курулат. Мындан тышкары жөө адамдар үчүн көпүрөлөр да салынат. Февралдын айында долбоор бүтүп, тендер жарыяланмакчы. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү, оңдоо иштери 3 этап менен жүргүзүлөт. Жалпы дарыянын 5400 метр аймагы оңдолмокчу.
Булак: NazarNews.kg