www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыз бойдон калган кемпир...

Бул жашоодо эмне деген гана окуялар болуп келген жана боло берет. Анткен менен жашоонун буйругунан эч ким эч кайда качып кутула албайт белем. Бирок, адам баласы жаш кезде аңкоолук менен көп катачылыктарды кетирет белем. Анан качан баары кеч болуп калганда гана башты мыкчый кармап өкүнүп калган бул кайталанып эле келе жаткан адат. Бир күнү машина менен келе жатсам, өз жашынан кыйла жаш көрүнгөн аял кол көтөрүп калды. Аны айтылган дарекке жеткирип барыш үчүн дарегин сурасам, Куреңкеев көчөсүнө барарын айтты. Аңгыча эле көчөнүн боюнда турган тааныш кишини көрүп калдым. Ал байке өзү Токтогулдан болот. Аты жөнү таанымал болгон үчүн атын толук жазгым келбеди. Анткен менен ал байке ушунчалык аялзатына укмуш жолдуу. Аялдардын кантип тилин таап ала коёт билбейм.

Тиги эжеден сурап калдым:

-Эже, бул тиги байкени салып алсам болобу, кесиптеш болот-десем, каршы болгон жок. Аялдаманын жанына келип токтогондо эле ал байке алдыңкы орунга олтурбай артына, тиги эженин катарынан орун алып олтурду. Биз учурашканча эле тиги эже менен таанышканга жетишти. Билбейм, жолдон ГАИге түшүп, азга кармалып калып келип машинаны айдадым. Эжени жеткирсем жол кирени тиги байке берип, аны менен бирге үйүнө түшүп калды “эки сааттан кийин мени алып кет” деп, айтты. Ансыз деле кардар жок эки сааттан кийин айтылган дарекке кайра келдим. Келсем, эле өзү эшикти ачып, үйгө кирүүмдү өтүндү. Ичкери кирсем үйдүн жасалгасы абдан жакшы экен. Тиги байке кудум өз үйүндө олтургансып төрдө олтурат. Бир сааттай убакыт чай ичип кобурашып олтурган соң, тиги байкени жеткирип коюш үчүн жолго чыктык. Жолдо карата байке болгон окуяны айтып берди.

- Бул эжең алтымыш бештерде экен. Анткен менен турмушка такыр чыкпаптыр. Кыскасы, кыз бойдон экен. Эки саатта болгону эки жолу гана болдук. Анткени катуу кыйнап койдум окшойт, ооруп жатат деп болбой койду. Эгер жаш болгондо мынчалык кыйналбайт эле.

Мен таң калып:

-Кантип тилин таба койдуңуз?- десем:

-Сен жана ГАИ менен кармалып турганда сөзгө тартып, оюу бар экенин билип койгом –деп айтты да, бирок ачылып эч нерсе айтып бербей койду. Кийинки күнү кайра дагы жолугуп калып сурасам:

-Ал эжең, мени ал деп жатат. Анткени ушул жашка келгени эч ким менен өбүшүп да көрбөптүр. Аял менен эркектин ортосундагы ушундай бир белгисиз касиет бар экенин мени менен болгондо практика жүзүндө билгенин айтты. Көрсө жаш кезинде кызматка эрте кирип, эркектерди чанып жүрүп турмушка чыкпай калыптыр да анан ооруганынан врачка көрүнсө “сизге эркектин мээрими жетишпей жатыптыр” деп айтканда, эми кимди табам деп жүргөндө мага жолугуп калып жатпайбы. Кыскасы, кыз бойдон калган кемпирди биринчи жолу жолуктурдум. Анткен менен абдан жагымдуулукту тартуулады-деп айтты.

Албетте андан ары жагын ачык жазууга болбойт. Байке айтып берип жатканда жөн эле чогуу аралашып жүргөндөй абалда болдум. Азыр, аны менен жолугуп жүрөбү аны так айта албайм.

Кыскасы, ар бир нерсени өз учуру менен эле болгону жакшы экен да.кызмат, карьера деп жүрүп канча кыздар кемпир бойдон калганына ким билет. Бирок, аял заты бала менен ажарлуу экенин да эске алган жөндүү.

Б.Б.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости