www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев өзү жетекчилик кылган тармакты жеке менчигиндей башкараары сөз болуп жүрөт. Дал ушул Алимбаевдин “мандиеру” Куба Алпамышов аттуу эрен чек ара кызматында иштебесе дагы көмүскөдөн “отдел кадрдын” жумушун аткаргандай таасир калтырып, жакын адамы Абдикарим аркылуу чек ара тармагына өздүк адамдарын каалагандай жумушка койдуруп келгени танабы? Ушул себептен Куба Алпамышов аттуу эрен Алимбаевдин “кошелегу” атыкканы жалганбы?

Учурда өлкөбүздөгү баардык чек ара өткөрмө пункттарында бөлүм жетекчилери менен смен башчылары өңчөй Алимбаевдин өздүк адамдарынан куралып, чек ара кызматында 15-20 жылдап ак кызматын өтөшкөн офицер, прапорщик, сержанттарды которуп, Куба Алпамышов экөө өзүнүн адамдарын коюшканын чек ара кызматындагылардан анонимдүү түрдө сурамжылоо жүргүзүшсө узун сөздөн кеп салышып, көптөгөн былыктарды сайрап беришери ажеп эмес. Бирок, чек арада кызмат өтөшкөн офицер, прапорщиктер кызматтык этиканы сакташып, ачык айтууга даабай турушат. Бир эле мисал, Казакстан менен чектеш “Акжол” өткөрмө пунктунда Куба Алпамышовдун бир тууган иниси Адыл Алпамышов 10 жылдан бери бир жерде жылбай иштеп келе жатканын чек арачылар сөз кылышууда. Негизи ички эреже боюнча үч жылдан ашык бир орунда чек арачы отурбашы керек.

А Адыл Алпамышовуңар ички эреже, жоболорду уруп ойнобой, качанкыга чейин Алимбаевге артын такап, каалаганын кылып, бир орунда мык кагылгандай кадалып отура берет? Өлкөбүздүн коопсуздугуна жооптуу чек ара кызматындагы Алимбаевдин мындай күмөндүү иштеринен тармактын жетекчиси Уларбек Шаршеев кабардарбы?

Жогорудагы маалыматтарды коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өзү көзөмөлгө алып, чек ара кызматындагы Алимбаевге байланышкан иштерди иликтетип, өлкө башчысына туура маалыматтарды жеткирсе деген ойдобуз.

Коопсуздугубузду коргошот деген тармагыбыздагы мындай алешемдиктер менен баарылап күрөшпөсөк болбойт го.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости