www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) 2021-жылдын 7-февралына чейин жылдыруу" боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган.
Азыркы редакциясына таянсак, "Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу" тууралуу мыйзам ушул жылдын 7-февралында күчүнө кириш керек болчу.
Ага ылайык, ОСАГО полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынмак.
Мыйзам долбоорун жылдырууну депутаттар элдин ага даяр эместиги менен байланыштырышкан.
Булак: NazarNews.kg