www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, биздин чабал өлкөбүздү кимдер гана алдаган жок. Алданып эле келе жатат, деги качан аягына чыгат болду экен? Бул эми өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгы экенин ачык айтсак жарашат.
Айтайын дегенибиз, өткөн жылы канча акчага алынып келгенин ким билип коюптур, автобустарга аялдамаларды кыргыз анан орус тилинде жарыялап турган аппарат сатып келип, жакшы жаңылык киргизгендей болушту эле. Бирок, арадан үч айга жетпеген убакытта баягы автобустардагы аппараттар иштебей калганы, аны сатып келген көз боёмчулар өкмөттү дагы алдады деп айтканга туура келип жатат.
Ооба, ал сапатсыз аппараттар канча миңдин башын солоду болду экен? Анын бизге зарылдыгы деле жок болучу. Макул, керек болгон күндө деле, жок дегенде бир жыл кызмат кыла албаган нерсени, эмнеге алып келишти болду экен, курган немелер. Балким бул аппаратын арты менен жакшы акча тапкандар да болгон чыгар.
Анткени ар бир проектинин жасала турган иштин артында акча жемей болуп келген жана боло берет эмеспи. Бул эми калыптанып калган жаман адат экенин ким тана алат. Айткандай бул жараксыз аппараттарды алып келгендерди текшере турган бирөө жарым бар болду бекен, же көз жумуп коюшабы аны убакытка коюлу.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg