www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2018-жылы жалпысынан 156 социалдык объектилердин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков билдирди.
“Баардыгы болуп 2018-жылы 150 соцобьектилердин курулушун аяктоо пландалган. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча 156 объектте курулуш жана ремонт иштери бүткөрүлгөн”, - дейт Матисаков.
Алардын ичинде:
- курулуп бүткөндөр 101 объект – 68 мектеп жана алардын спорт залдары, 6 бала бакча, 8 спорттук зал, 5 саламаттыкты сактоо мекемелери, 1 маданият мекемеси, 4 суу менен камсыз кылуу объектилери жана дагы 9 башка объектилер.
- капиталдык ремонт 38 объектте аяктаган – 27 мектеп, 2 бала бакча, 3 саламаттык сактоо мекемеси, 4 маданият мекемелери жана андан тышкары 2 объект.
- суу менен камсыз кылуу жана санитария объектилери боюнча 17 объект бүткөрүлгөн, алардын ичинде Чүй облусу боюнча 3 объект, Баткен – 1, Жалал-Абад – 1, Ысык-Көл – 2, Нарын – 4, Ош – 5 жана Таласта 1 объект, деп жазат "Кабар" маалымат агенттиги.
Булак: NazarNews.kg